Жалал-Абад ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 16-октябрь күнү саат 18:40 чамасында Жалал-Абад облустук ооруканасынын Тез жардам кызматынан кабар түшкөн. Анда Сузак районунун Таран-Базар айылынын 1984-жылы туулган тургунун балдызы бычактап салганын билдиришкен. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Аталган маалымат Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, териштирүү иштери башталган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө Сузак районунун 1984-жылы туулган тургунун бир тууган балдызы 2003-жылы туулган К.кызы Н. бычак менен бир нече жолу сайып жибергендиги маалым болгон. Кесепетинен жездеси окуя болгон жерде көз жумган.
16-октябрь күнү Жалал-Абад ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголуп, далил буюмдар алынып тиешелүү экспертизалар дайындалган.