Жалал-Абадда 24 жаштагы келинди ур-токмокко алган шектүү кармалды

Жалал-Абадда 24 жаштагы келинди ур-токмокко алып, телефону менен акчасын алып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

10-августта Жалал-Абад ОИИБ маалымат таратып, 24 жаштагы келин сабалып, тонолгонун билдирип, шектүүнү издөө иштери жүрүп жатканын билдирген.

Шектүү 26-август күнү Кара-Балта шаарынан кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Анын баш коргоо чарасы бүгүн, 28-августта Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, 1 айга камакка алынды.