Жалал-Абадда 27 жаштагы 2 жигит кармалды. Алар баңгизат сатууга шектелүүдө

Жалал-Абад облустук милициясы баңгизатка байланыштуу дагы 2 жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Токтогул районунун аймагында жаран баңгизатты мыйзамсыз сатып жана сактап жүргөндүгү боюнча ыкчам маалыматтар алынган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Контролдук сатып алуу учурунда Токтогул районунун 27 жаштагы тургунунан бир нече күкүрт кутучасындай болгон өзгөчө кескин жыты бар баңгизатына окшогон каражаттар алынган. Дайындалган экспертизанын жыйынтыгына ылайык алынган зат 88,15 грамм гашиш баңгизаты экендиги аныкталган. Кылмыш ишине шектүү катары Токтогул районунун тургундары 1997-жылы туулган 2 тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.