Жалал-Абадда 27 жаштагы жигиттин башкаруусундагы унаа жолдон чыгып, сайга түшүп кеткен (сүрөт)

Жалал-Абадда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек-Ош унаа жолунун 406-чакырымында жашылча-жемиш жүктөп бара жаткан DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып сайга түшүп кеткен. Унааны айдап бара жаткан 27 жаштагы жигиттин абалы жакшы.

Жерине абалды көзөмөлгө алуу үчүн №94 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучусу тартылган.