Жалал-Абадда 28 жаштагы жигит мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүргөн

Милиция тарабынан Сузакта мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

30-сентябрь күнү Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан Сузак районунун аймагында Кудаш (аты өзгөртүлдү) аттуу жаран мыйзамсыз ок атуучу куралын сактап жүргөндүгү боюнча ыкчам маалыматтар алынган. Алынган маалыматтын негизинде иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Ок атуучу курал сактоого шектелип жаткан жарандын аты-жөнү такталып, ал Сузак районунун 1993-жылы тургуну болуп чыккан. Ал Жазык кодексинин 206-беренеси (автотранспорт каражаттарын айдай качуу) жана 200-беренесинин (уурдоо) негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайда отургандыгы белгилүү болгон.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырууга түшүнүк катын берген. Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча суракка алынган. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө 2021-жылдын май айында Жалал-Абад шаарындагы курорттун ат чабуучу майданынан материалга оролгон ок атуучу курал таап алып, бекитип койгондугун айткан. Арадан бир-эки күн өтүп мурда жасаган кылмыштары үчүн Сузак РИИБи тарабынан кармалып, убактылуу жайга киргизилгендигин, учурда өз ыктыяры менен ок атуучу куралды тапшырарын билдирген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.