Жалал-Абадда 29 жаштагы жаранды ур-токмокко алган шектүү кармалды

Ишкерди коркутуу менен опузалап талап кылган 3 шектүүнүн бири кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, апрель айында Жалал-Абад шаарында үч адам 29 жаштагы жаранды автоунаага күч колдонуп отургузушуп, адамдар жок жерге алып барган соң ур-токмокко алышып, денесине ар кандай жаракаттарды келтиришкен. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 266-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Кызматкерлер тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында, ушул жылдын 16-апрель күнү Жалал-Абад шаарынын кичи райондорунун биринен шектүүлөрдүн бири 1992-жылы туулган Сузак районунун жашоочусу  кармалган. Ошол эле күнү шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

«ИИМдин  аймактар аралык башкармалыгынын маалыматы боюнча кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Азыркы учурда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү кармоо боюнча бардык тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Алардын ишкерлерди коркутуу, опузалап талап кылуу жана кол салуу боюнча башка фактыларга тиешеси бардыгы текшерилип жатат. Иликтөө иштери жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.