Жалал-Абадда 3 баш кой уурдоого шектелгендер кармалды

Жалал-Абад облустук милициясы мал уурдоого шектелген жигиттерди кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Сузак РИИБге 69 жаштагы район тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 31-январга карган түнү саат 04:45 чамасында Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы үйүнүн короосундагы кой сарайынан 3 баш койду белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкенин билдирген. Натыйжада арыз ээси 41 миң сомдук материалдык зыянга учураган. Бул окуя Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (мал уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун Багыш айыл аймагынын тургундары 1992 жана 1997-жылы туулган жигиттер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.