Жалал-Абадда 300дөй адам катышкан митинг болуп өттү

Кечээ, 2-январда УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын имаратынын жанында 300гө жакын адам митингге чыкты. Алар 7-октябрда Аксы районундагы тополоңго байланыштуу камалган Кутман Шадыбеков, Тургун Шадыбеков жана Жылдыз Шадыбекованын тарапташтары. Бул 3 жаран Кербен шаарында акимди кызматтан кетирүү талабы менен чогулган митингдин мушташ менен коштолушуна, тагыраагы ошол тополоңду уюштурууга шектелип кармалган. Мушташтан кийин 1 киши каза болгон жана 6 адам жаракат алган. Митингге чыккандар камакка алынган жогорудагы 3 жарандын үй камагына чыгарылышын, Аксы районунун башчысы менен Аксы РИИБинин башчысын ээлеген кызматынан четтетип, жоопко тартууну талап кылышты.

УКМК нааразычылык акциясы боюнча Кербен шаарындагы окуя мыйзам чегинде иликтенип жатканын жана тыкыр көзөмөлдө экенин билдирип маалымат таратты.