Жалал-Абадда 34 жаштагы жаран сабалгандан кийин көз жумду. Шектүү эмне дейт?

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Жалал-Абаддагы ат майданда киши сабалып, ооруканада көз жумду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

22-декабрь күнү Жалал-Абад облустук ооруканасынын дарыгери милицияга кабар берип, ошол эле күнү саат 17:35 чамасында Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу «Тел-Тору» ат майданынан Курманбек айыл аймагынын 34 жаштагы тургуну өзүн билбеген, буту-көзү көгөргөн абалда Тез жардам кызматы тарабынан жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, натыйжада өзүнө келбей каза болуп калганын билдирген. Аталган маалымат катталып, текшерүү иштери башталган. Окуя боюнча жеринде кароо жүргүзүлүп, каза болгон жарандын жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Текшерүү учурунда Курманбек айыл аймагынын 60 жаштагы тургуну маркумдун атасы арыз менен кайрылып, ат майданда уулун белгисиз адамдар уруп сабап, денесине оор залал келтирип, окуя болгон жерге таштап кетип калышкандыктан, денесинен алган жараатынан улам ооруканада каза болгонун билдирип, кылмышкерлерди таап, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Арыздын негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Курманбек айыл аймагына караштуу Сафаровка айылынын 40 жаштагы тургуну шектүү катары кармалып, камакка алынды. Шектүү 21-декабрь күнү ат майданда маркум менен спирт ичимдигин ичип отуруп, өз ара пикир келишпестиктен уруша кетип, аны бет тарабына бир нече жолу уруп, денесине жаракат келтиргенин билдирген.