Жалал-Абадда 35 жаштагы киши ити тиштеген соң көз жумду. Окуянын чоо-жайы

16-сентябрь күнү саат 23:30 чамасында Аксы аймактык ооруканасына 1986-жылы туулган Дейрес-Сай айылынын тургуну кутурма диагнозу менен Аксы аймактык ооруканасына түшкөн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 280-беренесине ылайык сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, июнь айында аталган айылда жаранды үйүнүн короосунда ити тиштеп алгандыгы, андан бери үйүндө дарыланып жүрүп, 16-сентябрь күнү оорусу күчөгөндүктөн Аксы аймактык ооруканынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө келип жаткырылып, 17-сентябрь күнү оорудан улам каза болуп калгандыгы аныкталды.

Каза болгон жарандын атасы баласынын каза болгондугу боюнча эч кимге, эч кандай арыз доосу жок экендигин билдирип, жансыз денесин соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты.