Жалал-Абадда 38 жаштагы жаранды уурдады деген шек менен кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жалал-Абадда адам уурдоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя сентябрь айында болгон. 20-сентябрь күнү саат 02:15 чамасында Жалал-Абад ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Сузак районунун 60 жаштагы тургуну чалып, ошол эле күнү саат 02:00 чамасында жашаган үйүнөн 1983-жылы туулган баласын белгисиз адамдар жашыл түстөгү Мерседес үлгүсүндөгү унаага күч колдонуп салып, уурдап кетишкендигин кабарлаган. Аталган факты боюнча материал ОИИБге катталып, Жазык Кодексинин 170-беренесинин (киши уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсү тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада кылмышка шектүү катары ИИМде кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган, мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, Сузак районунун 1995-жылы туулган тургуну кармалып, тергөөгө жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүн, 6-ноябрда Жалал-Абад шаардык сотунда анын баш коргоо чарасы каралат. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.