Жалал-Абадда 39 жаштагы аялдын буту көчөдөгү темир торчого кыпчылып калган

Жалал-Абадда аялдын буту темир торчого кыпчылып калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 17-апрелде Жалал-Абад шаардык ӨКБнын нөөмөт бөлүмүнө Ленин көчөсүндө жайгашкан 168-үйдүн жанындагы лотоктун үстүнө коюлган темир торчого 39 жаштагы аял кишинин буту кыпчылып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган жаранга өз учурунда жардам беришкен. Учурда абалы туруктуу.