Жалал-Абадда 39 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды

Жалал-Абадда 39 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-май күнү саат 12:00 чамасында Кара-Көл шаарынын тургуну 1982-жылы туулган жарандын жансыз денеси өз үйүнөн табылган.  Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктуу реестрине катталган.

Милицияга окуя тууралуу 1959-жылы туулган жергиликтүү тургун маалымат берген.