Жалал-Абадда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Өлкөнүн Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 00:12де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Совет, Карача айылдарында, Ноокен районунун Масы, Кызыл-Октябрь, Эски-Масы айылдарында 4 балл, Базар-Коргон шаарында, Акман айылында, Ноокен районунун Курулуш, Кара-Булак айылдарында 3,5 балл, Кочкор-Ата шаарында, Базар-Коргон районунун Беш-Бадам айылында 3 балл, Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.