Жалал-Абадда 4 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 13 жаштагы бала табылды (сүрөт)

Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан 13 жаштагы бала табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-июнь күнү Жалал-Абад ОИИБи тарабынан 2008-жылы туулган Жоробек  Акимжанов дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат ЖМКларга жарыяланган. Анда ал 14-июндан бери дайынсыз болуп жаткандыгы белгиленген. 13 жаштагы баланын жүргөн жерин аныктоо жана өспүрүмдөрдүн оор жумуштарга тартылуусуна бөгөт коюу максатында Жалал-Абад ШИИБи тарабынан рейд да жүргүзүлгөн. Анын алкагында милиция кызматкерлери барган жерлеринде бала тууралуу маалыматтарды беришип, кайда жүргөндүгүн билгендер болсо, милицияга кабарлап коюуну билдиришкен. Бүгүн, 18-июнда 13 жаштагы баланын жүргөн жери аныкталып, кайдыгер карабаган жарандар тарабынан маалыматтар алынган. Ал 4 күндөн бери Жалал-Абад шаарында бирөөнүн үйүндө, анын балдары менен чогуу жашап жүргөндүгү белгилүү болгон.

Жоробек Акимжанов Жалал-Абад ШИИБне алып келинип, апасына өткөрүп берилди. Баласы аман-соо табылганына кубанган апасы милиция кызматкерлерине, баласын багып жүргөн үй-бүлөгө, коомчулукка маалымат жеткирүүдө көмөктөшкөн журналисттерге жана кайдыгер карабай маалыматтарды бөлүшкөн жарандарга ыраазычылык билдирди.