Жалал-Абадда 43 жаштагы аялды зордуктоого шектелип 2 жаран кармалды

Жалал-Абад шаарынын милициясы зордуктоого шектүү эки жаранды кармады. Бул туурасында бүгүн, 27-мартта аймактын ИИБинен билдиришти.

Облустук милицияга 43 жаштагы аял кайрылып, аны 26-март күнү түштө үйүнө кирип келген белгисиз адам зордуктап кеткенин билдирген. Кылмышкер ага күч колдонуп, курч нерсе менен башка чаап, денесине залал келтирген. Ооруканага кайрылган аялга биринчи жардам көрсөтүлдү. Бул факты боюнча «зордуктоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылды.

«Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында шектүү катары 34 жаштагы 2 жаран кармалды. Бири — Өзгөн районунун, экинчиси Сузак районунун тургуну», — деп айтылат маалыматта.