Жалал-Абадда 430 миллион сомдук жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды

Жалал-Абад шаарындагы өндүрүш жана соода жайлары, 430 миллион сом өлчөмүндөгү жер тилкелери, имараттар жана курулуштар мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Такталгандай, иш боюнча соттолгондор 2000-жылдары ар кандай коррупциялык схемаларды жана махинацияларды колдонуу менен мурда мамлекеттин балансында турган кыймылсыз мүлктөрдү жеке менчикке мыйзамсыз ээлеп алышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө алардын 2010-жылдын май жана июнь айларында Жалал-Абад шаарында административдик имараттарды күч менен басып алууну жана улуттар аралык кагылышууну уюштурууга катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Азыркы учурда мамлекетке өткөн жалпы аянты 2 гектарга жакын жер тилкелерине Жалал-Абад шаарынын мэриясы социалдык объектилерди (бала бакча, мектеп), ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн арзан турак-жай, анын ичинде мамлекеттик ипотекалык насыялоо программасынын алкагында курууну пландоодо.