Жалал-Абадда 45 жаштагы кишинин жансыз денеси суудан табылды

Жалал-Абадда 45 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн Касан-Сай сайынын ичинде 45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Жерине Чаткал райондук №79 ӨКБдөн 3 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгырып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен