Жалал-Абадда 50дөй үйдүн короосуна чейин сел суулар тазаланып жатат. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Бүгүн, 27-мартка караган түнү облус аймагында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам Сузак районундагы Кызыл-Туу, Кыз-Көл, Сузак, Ырыс айыл аймактарындагы 41 турак үйдүн короосуна суу кирип, 30 гектар айдоо жерин суу алган. Андан сырткары Базар-Коргон, Жалал-Абад шаарындагы 6 турак үйдүн короосуна суу кирген. Учурда кырдаал туруктуу.
ӨКМдин жана Жарандык коргонуу кызматтарынын техникалары тартылып, кооптуулук жараткан селден арыктарды бекемдөө иштери аткарылууда.