Жалал-Абадда 59 жана 45 жаштагы жарандар күйүүчү май сактоочу кампага түшүп кетишкен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Окуя кечээ, 15-апрель күнү болгон. Саат 19:59да Жалал-Абад шаардык ӨКБнын нөөмөт бөлүмүнө түшкөн маалыматта эки жаран куткарууга муктаж экендиги кабарланган. Такталган маалыматка ылайык, алар күйүүчү май сактоочу кампага текшерүү жүргүзүү учурунда түшүп кетишкен.