Жалал-Абадда 6 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы. Каза болгондордун саны 7 киши болгон

Кечээ, 12-июнда Жалал-Абад облусунун Ууру-Жар айылында 6 адамдын өмүрүн алган жол кырсык катталган. Аты-жөнү такталган каза болгондор Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн тургундары болгону маалымдалууда.

Каза болгондорго келсек, ата жана анын уулу Бишкектен айылына бара жатышкан. 22 жаштагы жигит үйдүн жалгыз уулу жана бойдок болчу, ал эми Сейит-Казы айылынын тургуну болгон атасы Орусияда иштеп жүргөн. Андан тышкары, дагы бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү бар, алар 1969-жылы туулган аял жана анын 2002-жылы туулган уулу, экөө тең Акман айылынын жашоочулары. Дагы бир каза болгондун аты-жөнү такталган, ал 1994-жылы туулган Калма-Кырчын айылынын тургуну. Дагы бир эркек киши мүрт кеткени кабарланган жана аты-жөнү тактала элек. Мындан тышкары дагы бир аты-жөнү тактала элек аял каза болгону Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан айтылды. Ошондо баш аягы Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаада 9 адам болгон.

Жеңил унаанын айдоочусу болгон 1995-жылы туулган Ооган-Талаа айылынын тургуну жана ушул унаада жүргүнчүлөрдөн жалгыз аман калган 1987-жылы туулган Өзбек жараны ооруканага жеткирилген. Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү оор жүк ташуучунун айдоочусу 1965-жылы туулган Куршаб айылынын жашоочусу тууралуу маалымат белгилүү боло элек.