Жалал-Абадда 6 жаштагы бала Нарын дарыясына агып кеткен. 2 күндөн бери табыла элек

Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма айылынын Акшаар участогунда 23-апрель күнү саат 18:50 чамасында Нарын дарыясына 2018-жылы туулган бала сууга агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

23-24-апрель күндөрү издөө иштери жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, натыйжа болгон эмес.

Бүгүн жогоруда аты аталган тестиер баланы издөөгө Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Таш-Көмүр шаарында жайгашкан 6-өзүнчө мобилдик тоо кырсыгынан куткаруу взводунан 5 куткаруучу, 2-өзүнчө издөө куткаруу отрядынан 3 суучул, Таш-Көмүр шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 12 куткаруучу, ШИИБден 9 кызматкер, баланын жакындарынан 45 жаран тартылып, Нарын дарыясында кайык менен жана жөө издөө иштерин жүргүзүүдө.