Жалал-Абадда 6 жаштагы кызды зордуктаган деген киши өмүр бою эркинен ажыратылды

Кечээ, 6-сентябрда Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук соту жашы жете элек кызды зордуктаган деп айыпталган жаранга карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу аталган райондук соттон билдиришти.

Ноокен райондук сотунун өкүмү менен шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 4-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды.

Буга чейин укук коргоо мекемеси маалымат таратып, Ноокен районунда 6 жаштагы кызды зордуктоого шектелген 28 жаштагы жарандын туугандары жазаны жеңилдетүү үчүн аракет кылып жатышканын жазышкан. «2022-жылы 26-майда башталгыч класстагы 3 окуучу кыз мектептен келатканда 28 жаштагы айылдашы тосуп чыккан. Ал тыт жегиле деп короосуна чакырып, андан соң үйүнө киргизип тамак берген. Кыздардын ата-энеси тууралуу сураганда бирөөсү апасынын гана атын атаган (ата-энеси ажырашкан). Шектүү ошол кызды суу алып келели деп алдап сыртка алып чыгып зордуктап койгон», — дешкен.