Жалал-Абадда 7 аял сойкулук менен алектенип келген делүүдө

Жалал-Абадда ыплас аракеттерге жана сойкулукка бөгөт коюлууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Милиция кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад шаарынын аймагында жаран сойкулук менен алектенүү же сутенердук кылуу менен көмүскө жайларды уюштуруп жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат алынган. Аталган маалымат катталып, Кылмыш жаза кодексинин 160-беренесинин (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чаралардын натыйжасында, Жалал-Абад шаарында жайгашкан “Корона” эс алуу жайы мыйзамсыз сойкулук менен алектенүү же болбосо ыплас аракеттерге көмөктөшүү, ошондой эле сутенердук кылуу үчүн көмүскө жай экендиги аныкталып байкоого алынган. Тергөө амалдарын жүргүзүүдө эс алуу борборуна тинтүү уюштурулуп, аталган даректе 7 аял киши (алардын 5сү Кыргыз, 2сү Өзбек жараны) сойкулук менен алектенип, кардарларды тейлеп жаткандыгы аныкталган. Ошондой эле калыстардын катышуусунда көмүскө жайдан кардарлардан алынган акча жана 400 даанадан ашуун презерватив далил буюм катары алынган. Аталган эс алуу борборун иштеткен жаран Сузак айылынын 29 жаштагы тургуну экендиги такталды. Учурда кылмыш ишин соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.