Жалал-Абадда 8 ай ичинде өрттөн 7 киши каза болду

Жалал-Абад облусунун аймагында жыл башынан бери 252 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 7 жаран каза тапкан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Тилсиз жоонун алдын алуу максатында башкармалык тарабынан атайын иш-мерчем иштелип чыгып, район, шаардык бөлүмдөр тарабынан чарбалык объектилерде, мекеме-ишканалардын кызматкерлерине өрт коопсуздук эрежелери жана ис газына ууланып калуудан сак болуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш жүрүүдө.