Социалдык тармактын колдонуучусу Аксыда жол тескөөчү унааны кубалап, анын кесепетинен жол кырсыгы катталганын, бир жигит көз жумганын жазды. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан окуя тууралуу маалымат беришти.
Маалыматка караганда, кырсык 28-июнь күнү Аксы районунун Кашка-Суу айылында катталган. «Тойота Виндом унаасы жол тескөөчүлөр кызмат өтөп жаткан жерде катуу ылдымдык менен радарга түшкөн. Тоскон учурда токтогон эмес. Качып кеткен айдоочу 2006-жылы туулган жигит болгон. Ал эми каза болгон жигит 1998-жылы туулган. Алар жол тескөөчүлөрдөн өткөндөн 800 метрден кийин жол кырсыкка учураган. Кызматкерлер кубалаган эмес. Жаран кызматкерлерге барып, «жол кырсык болуптур, карап койгула» дегенде барышкан», — дешти милициядан.