Буга чейин ЖМКлар Жалал-Абадда 9-класстын окуучу кызы зордукталганын жазып чыгышкан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден маалымат беришти.
Маалыматка караганда, окуя 2-декабрь күнү саат 7:30 чамасында болгон. Ала-Бука районунун 1997-жылы туулган тургуну 2007-жылы туулган кыз менен жыныстык катнашта болгон. Бул факты Ала-Бука РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренесинин (он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин алкагында окуяга шектүү катары Ала-Бука районунун тургуну 1997-жылы туулган жаран кармалып, 2 айга камакка алынды.