Жалал-Абадда абакта жаткан жаран 4 жигитке мал уурдаткан. Окуянын чоо-жайы

Милиция Ноокендеги жайыттан мал уурдап жүргөндөрдү кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Орусияда “каракчылык” беренеси менен соттолуп, бүгүнкү күндө өз жазасын Беловодское айылындагы Жаза аткаруу мекемесинде өтөп отурган 1992-жылы туулган Ноокен районунун тургуну сырттан тааныш болгон Таш-Көмүр шаарынын 2004-жылы туулган тургундары менен Ватсап аркылуу байланышып, биргелешип, 2-декабрга караган түнү Ноокен районунун Кудук-Сай айылынын жайытында бош жүргөн 2 баш бодо малды уурдап кетишкен. Андан кийин абакта отурган жаран “Ватсап” группалары аркылуу жүк ташуучу автоунааны Таш-Көмүрдөн Ошко мал жеткирүү үчүн буюртма кылып, айдоочуга жолдон инилери тосуп аларын айтат. 4-декабрга караган түнү Бишкек шаарынан келе жаткан жүк ташуучу унаага жайыттагы короонун ичиндеги бир нече малдын арасынан 8 баш бодо малды тандап алышып, Ош облусунун Араван районуна жеткиришкен.

Бул окуялар боюнча топтолгон материалдар Ноокен РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкелеринин тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 2 баш мал Аравандан, 1 баш мал Сузак районунун мал базарында сатылып, Ноокен районунун Ак-Бата мал базарынан табылып, ээлерине кайтарылып берилген. Кылмыш ишине шектүү катары Таш-Көмүр шаарынын 2004-жылы туулган тургундары кармалган.

Ал эми Жаза аткаруу мекемесинде жазасын өтөп отурган Ноокен районунун тургуну Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына этап менен киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.