Жалал-Абадда ай сайын өткөн чогулушта «Хизб ут-Тахрир» уюмунун 11 мүчөсү кармалды

Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрир» уюмунун 11 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 2-бөлүмү (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кургак-Көл айылынын аймагында ай сайын өткөрүлүүчү чогулушта “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” экстремистик уюмунун 6 лидери жана 5 активдүү мүчөсү кармалды.

Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында, ири өлчөмдөгү экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор, электрондук маалымат каражаттарды алып жүрүүчүлөр жана ячейканын каржылык ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар алынган. Бул адамдар экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында системалуу түрдө диний сабактарды өткөрүп, ошондой эле социалдык тармактар аркылуу экстремисттик материалдарды таратып жүрүшкөн. Алар кармалып, камакка алынган.