Жалал-Абадда айдоочу 2 бир тууганды сүзүп кетип, бири каза тапты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 15-март күнү Жалал-Абад шаарынын 1995-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 21:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Азимов көчөсүндө 2020-жылы туулган кызын жана 2022-жылы туулган баласын 1999-жылы туулган балдардын апасы менен жөө адамдар өтүүчү өтмөктө бара жаткан учурда BMW үлгүсүндөгү унаа сүзүп, айдоочусу унааны таштап качып кеткендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Окуя болгон жерге Жалал-Абад ОИИБдин башчысы, Жалал-Абад шаарынын прокурору жана тергөө ыкчам тобу барып кароо жүргүзгөн учурда BMW үлгүсүндөгү унаа айдоочусу жок тургандыгы аныкталып, Тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Кырсыктын кесепетинен 2022-жылы туулган бала денесинен жаракат алып, Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылган, ал эми 2020-жылы туулган кызы окуя болгон жерде каза болгон. Аталган маалымат Жалал-Абад ШИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектүү катары Сузак районунун 2000-жылы туулган тургуну кармалып, камакка алынды.