Жалал-Абадда айыл жаштарынын арасында кагылышуулар көбөйүүдө. УКМК маалымат берди

Жалал-Абад шаарында жергиликтүү криминалдык кагылышууларды уюштуруучулар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«Акыркы убакта Жалал-Абад облусунун ар кайсы райондорунун жана шаар четиндеги айылдардын жаштарынын арасында криминалдык кагылышуулар көбөйүүдө. Бул мушташтар көп учурда коомдук жайларда денелерине оор залал келтирилип, курал-жарак жана травматикалык ок атуучу куралдарды колдонуу менен болуп жатат», — дешти УКМКдан.

Алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин алдын алуу жана бөгөт коюу максатында 20-октябрда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (уюшкан кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш ишинин алкагында, 17-ноябрда мурда ар кандай кылмыштар боюнча бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган лидерлер кармалган.

Алардын унааларында жана жашаган жеринде тинтүү учурунда жашырып көтөрүп жүрүү үчүн конструкциясы өзгөртүлгөн ок атуучу куралдар, ага ок-дарылар, бет каптар, ошондой эле РПГ-5 гранатасы табылып алынып, алар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.