Жалал-Абадда аскердик кызматын өтөп жүргөн жоокер ооруканада каза болду

Кечээ, 10-февраль күнү Оштогу облусттар аралык бириккен ооруканасында оор абалда жаткан Жалал-Абад облусунда аскердик кызматын өтөп жүргөн жоокер каза болду. Бул тууралуу жериликтүү басылмалар жазып чыгышкан, кийинчерээк аталган облусттук оруканадан маалыматты тастыктап беришти.

Билдирүүгө ылайык, маркум 19 жаштагы Ноокат районунун тургуну болгон. Жана ал Жалал-Абад облусундагы аскердик кызматын өтөп жүргөн.

“Маркум аскер 3-февраль күнү түнкү саат 23:00 дө өтө оор абалда Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, эртеси жалпы палатага которулган. Тиешелүү анализдер алынып, Санкт-Петербург шаарына жөнөтүлгөн. Ал жактан кан оорусу менен ооруй тургандыгы аныкталган. Химиотерапияга даярдыктар көрүлүп жатканда 7-февралда абалы оорлошуп кеткен болчу”,-деп билдиришти ооруканадан.