Жалал-Абадда аткыланган унаалар. Окуянын чоо-жайы (видео)

Жалал-Абад облустук милициясы адам өлтүрүүгө аракет кылууга шектелген жарандарды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

1994-жылы тулган С.Н. өзүнүн шериги 1995-жылы туулган Б.Б. менен чогуу 2023-жылдын 29-август күнү саат 23:00 чамасында Жалал-Абад шаарынан Дэу Нексия 2 үлгүсүндөгү такси жалдашып, 30-август күнү саат 00:30 чамасында Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Мундуз айылында бара жатып, 1995-жылы туулган М.Б., 1999-жылы туулган Ж.Э., 2000-жылы туулган Р.К. жана 1994-жылы туулган А.Д. Хундай Гетс үлгүсүндөгү унаада келе жаткандыгын көрүшүп, ал унаанын артынан таксини айдатышып, С.Н. белгисиз ок атуучу курал менен унаанын арткы отургучунда кетип жаткан жеринен, айнекти бир аз түшүрүп, 2-3 жолу Хундай Гетс унаасына карай ок аткылаган.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан адам өлтүрүүгө аракет жасоо беренесинин негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. С.Н. буга чейин бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ал эми Б.Б. буга чейин мал уурулук, бейбаштык беренелери менен соттолуп, азыркы күндө уурулук боюнча 2025-жылга чейин пробацияда жүргөн.

Белгилей кетсек бул окуяда эки тарап бири-бирине ок чыгарып, буга чейин Хундай Гетс үлгүсүндөгү унаада бара жатышкан 4 бала кармалып, Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп, материал соттун кароосуна жиберилген.