Жалал-Абадда автоунаа айдап качкан өспүрүмдөр кармалды

12-май күнү саат 15:40 чамасында Тайгараев айылынын 1981-жылы туулган Д.М. аттуу тургуну Жалал-Абад шаарында жайгашкан «Оомат» автоунаа жуучу жайга өзүнүн КИА-Сентос үлгүсүндөгү машинасын таштап, жумуштары менен кеткен. Натыйжада автоунаа жуучу жайда иштеген Сузак, Базар-Коргон райондорунун 2009-жылы туулган С.М.,Н.М. жана Н.К. аттуу тургундары белгисиз тарапка айдап качып кетишкен.

Аталган факты боюнча жабырлануучу арыз менен кайрылган. Жалал-Абад облустук милициясынын ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында, кылмыш изин суутпай, КИА-Сентос автоунаасын айдап качкан жарандарды шаардын «Кыргызстан» ресторанынын жанынан айдап бара жаткан жеринен колго түшүрүшкөн.