Жалал-Абадда аялды «үйүңө жеткирем» деген айдоочу аны зордуктоого аракет кылган. Окуянын видеосу

Жүргүнчүнү сүзүүгө жана зордуктоого аракет кылган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

23-февралда саат 01:30 чамасында 1989-жылы туулган жаранды белгисиз жарандар «үйүңө жеткирем» деп, унаага отургузушкан. Бирок унаадан түшкөн учурда аялды айдоочу зордуктоого аракет кылган. Ошондой эле унаадан түшкөндөн кийин аны эки жолу сүзүп, андан ары кетип калышкан.

Бул окуядан кийин аял денесинен жабыркап, ооруканага кайрылып, айдоочуга карата арыз жазган. Арыздын негизинде шектүү катары Субару үлгүсүндөгү унаанын ээсин кармашкан. Азыркы учурда унаасы айып короо жайына токтотулуп, айдоочусу Тергөө кызматына жеткирилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.