Жалал-Абадда аюуну өлтүргөн жаранга карата кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Кызыл-Үңкүр айылынын тоолорунан Кызыл китепке кирген аюуну өлтүрүп, терисин алып кетип бараткан жаран кармалган.

Аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын облустук милициядан билдиришти.

Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Жалал-Абад өкүлчүлүгүнүн башчысы Туратбек Сатимбаев Жалал-Абад ОИИБине кайрылган.

«9-апрель күнү саат 12:30 чамасында Кызыл-Үңкүр токой чарбасынан Базар-Коргон районунун 1971-жылы туулган Э.Ж. аттуу тургуну бир күрөң аюуну өлтүргөнү аныкталган. Ал терисин сумкасына салып көтөрүп келе жаткан жеринен кармалып, акт түзүлгөндүгүн жана 1 миллион сом доо коюлгандыгын билдирген.

Бул окуя Базар-Коргон РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 293-берене «жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу» менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө», — деп билдиришти облустук милициянын басма сөз кызматынан.