Жалал-Абадда бала бакчанын жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр мэриясынын жооптуу кызмат адамдары бала бакчага таандык 1 717 чарчы метр жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке берип жиберишкен. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Таш-Көмүр прокуратурасы шаардагы «Мишутка» балдар бакчасына таандык 3 миллион 500 миң сомду түзгөн 1 717 чарчы метр жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке берип жиберишкендиги аныктаган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган. Учурда бала бакчанын жер тилкесин кайтаруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.