Жалал-Абадда баллондун жарылуусу. 3 киши кармалды

УКМК Жалал-Абад мэриясынын алдындагы Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин ишмердүүлүгүндөгү коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Аталган департаменттин жетекчилиги жана айрым кызматкерлери жогорку кызматтагы аткаминерлердин ортосундагы байланышка жамынып, муниципалдык жерлерди тийиштүү уруксат документтери жок беришкени аныкталды.
13-июлда аталган соода түйүндөрүнүн биринде газдалган суу чыгаруучу газ баллондук жабдыктарда жарылуу болуп, анын кесепетинен бир сатуучу каза болуп, бир нече адам ар кандай деңгээлдеги жаракат алган. Аталган фактынын негизинде УКМК тарабынан мэриянын алдындагы Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин директору жана инспектору И.К.Б. жана А.Т.А., ошондой эле павильондун ээси М.З.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда болгон окуяга жооптуу башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө, ошондой эле тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, Жалал-Абад шаарынын аймагында муниципалдык жер участокторун мыйзамсыз берүү фактыларын текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.