Жалал-Абадда баллондун жарылуусу. Каза тапкан адам 20-25 жаштагы кыз болгон

Бүгүн, 13-июлда саат 10:10дор чамасында Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын тез жардам бөлүмүнө чалуу болуп, газдалган суусундук сатуучу жайда газ баллон жарылып кеткени кабарланган.

Эки мүнөт аралыгында медициналык тез жардам унаасы окуя болгон жерге жетип барган. Бирок 20-25 жаш чамасындагы кыз окуя болгон жерде мерт кеткен. Калган жабырлануучулар дарыгерлердин көзөмөлүндө.