20-ноябрь күнү Жалал-Абад ОИИБдин баңги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан, Сузак районунун аймагында жаран баңги затын мыйзамсыз сактап, таркатып жүргөндүгү боюнча ыкчам маалыматтар алынган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан маалымдашты.
Аталган маалымат Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан, кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында, милициян кызматкерлеринин ыкчам иш аракеттеринин негизинде, кылмышка шектүү катары Сузак районунун алты тургуну кармалган. Ал эми кармоо учурунда жалпы салмагы 138 грамм гашиш баңги заты аныкталып, анын 1 граммын 2000 (эки миң) сомго баалап сатып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.
Сузак районунун тургуну 2001-жылы туулган И.Б. буга чейин соттолуп, 2021-жылы пробация менен бошотулган. 1969-жылы туулган Э.С. «Дракон» каймана аты менен таанымал буга чейин 2002-жылы каракчылык фактысы менен соттолгон. Ал эми 1999-жылы туулган А.уулу Ж., 1994-жылы туулган Б.уулу Н., 1997-жылы туулган К.Ш., 1978-жылы туулган Ж.Т. кармалып ,Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызмат адамдарынын акча каражаттарын талап кылуу жана...
16-апрелде УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук РИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн...
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жарандан анын кармалышына катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери...
Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө УКМК Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады....
Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө салык органдарынын кызмат адамдары «Б» ЖЧКга карата салыктык текшерүү жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы аныкталды....