Жалал-Абадда баңгизат сатуу менен алектенген 2 жаран кармалды

Жалал-Абад облусунда баңгизаттарды сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, апрель айынын башында ИИМдин кызматкерлери Жалал-Абад облусунун аймагында баңгизаттарды сатуу менен алектенип жаткан жарандар жөнүндө маалымат келип түшкөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 267-беренеси (баңгизаттарды сатуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Милиция кызматкерлери 7-апрелге караган түнү болжол менен саат 04:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарындагы көчөлөрдүн биринде баңгизатты сатып, анын акчасынын бир бөлүгү 4 миң сомду алып жаткан жеринен 1973-жылы туулган жаран кармалган. Баңгизат сатуучулар өз товарын 50 миң сомдон ашык суммага сатууну көздөшкөн. Кармоо боюнча операциянын жүрүшүндө, шектүү качууга аракет жасаган. Аны 600 метр аралыкка качып барган жеринен кармашкан. Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери бул кылмыш ишине тиешеси бар Токтогул районунун жашоочусу 1973-жылы туулган дагы бир жаранды кармашты. Кармалган жарандардан 165 грамм салмактагы 12 кутучадагы баңгизатын алышкан. Экспертизанын корутундусу менен алынган баңгизат гашиш экендиги аныкталды. Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.