Жалал-Абадда баңгизат сатуу менен алектенип келген милиция кызматкери кармалды

Жалал-Абадда баңги затын мыйзамсыз алып жүргөн милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Сузак РИИБдин Бек-Абад айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкери, милициянын капитаны тарабынан уюштурулган баңгизаттарды сатуунун туруктуу каналдарынын бирине бөгөт коюлду.

«Такталгандай, аталган кызматкер көптөн бери Жалал-Абад облусунун аймагында ири өлчөмдөгү баңги затын ташуу жана сатуу менен активдүү алектенип келгендиги аныкталган.14-декабрда мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын коопсуздук кызматынын бөлүмү менен биргеликте, «Афган Чарс» баңгизатынын кезектеги партиясын сатуу учурунда жогоруда аталган милиция кызматкери пара менен кармалды. Мындан сырткары, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан эки жаран кармалган. Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 562 граммды түзөт», — деп айтылат маалыматта.