Жалал-Абадда жаран 5 килограмм гашиш менен кармалды

Жалал-Абад облусунда 46 жаштагы жаран гашиш менен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарында 1976-жылы туулган Баткен районунун тургуну кармалган. Текшерүү учурунда анын жанынан салмагы 5 килограмм 21 грамм салмактагы кара скотч менен оролгон Ооганстанда жасалган гашиш табылган. «Учурда кылмышка катыштыгы бар башка кылмышкерлерди аныктоо иштери жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.