Жалал-Абадда болгон катуу шамал үйлөрдүн, мектептин чатырларын учуруп, 8 унааны дарак басып калган

Кечээ, 3-июнь күнү саат 19:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын аймагында катуу шамал катталган, учурда шамалдын ылдамдыгы такталууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Шамалдын кесепетинен 8 турак үйдүн, 19 көп кабаттуу үйдүн, 6 социалдык объекттин, №9 мектептин, “Акжол” балдар реабилитациялык борборунун, Азиздер жана дүлөйлөр ишканасынын, Фрунзе көчөсүндөгү балдар бакчасынын, гимназиянын чатырын учуп кеткен. Ошондой эле дарактар жана жарнамалык баннерлер кулап, 8 унааны басып калган жана электр зымдары үзүлгөн. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Жерине 35 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер, коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинен 10 кызматкер, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынан 10 кызматкер, электр тармактар ишканасынан 32 кызматкер, тазалык мекемесинен 5 кызматкер тартылган. Куткаруучулар тарабынан үйлөрдүн чатырлары коопсуз жайга түшүрүлүп, дарак басып калган унаалар чыгарылган. Электр энергиясын калыбына келтирүү иштери улантылууда.