Жалал-Абадда боюн сууга таштаган 58 жаштагы жаран изделип жатат

Жалал-Абадда боюн сууга таштаган жаран изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн саат 9:55 чамасында Майлуу-Суу шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө Майлуу-Суу сайына 58 жаштагы жаран өзүн сууга таштады деген маалымат келип түшкөн. Жерине 4 куткаруучу тартылып, 10:55те издөө иштери башталды.