Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан 58 жаштагы кишинин сөөгү Могол-Коргон каналынан табылды

Кечээ, 27-майда ӨКМдин басма сөз кызматы Жалал-Абад облусунун 1963-жылы туулган тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын жарыялаган эле. Бүгүн жарандын жансыз денеси облустагы Могол-Коргон каналынан табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 10 куткаруучу, ИИМден 9 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 42 адам тартылган. Саат 12:10дө туугандары тарабынан 58 жаштагы кишинин жансыз денеси Могол-Коргон каналынан табылды.