Жалал-Абадда «Чач» каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жалал-Абад шаарында уюшкан кылмыштуу топтун «Чач» каймана аттуу мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал физикалык күч колдонуу менен коркутуп, жергиликтүү соода базарлардагы ишкерлерге салык салууга аракет кылган.

«Тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Тинтүү учурунда кармалган жарандан гашиш табылган. Ал кароого жөнөтүлдү. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизатын колдонгону текшерилип, анын баңгизат колдонгону аныкталган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,- деп айтылат маалыматта.