Жалал-Абадда чайканадан өрт чыгып, 2 киши каза болду

Сузак районуна караштуу Винсовхоз айылында жалпы аянты 308 чарчы метр чайкана толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Сузак райондук ӨКБнүн ыкчам нөөмөт бөлүмүнө саат 02:01де тамактануучу жай күйүүдө деген маалымат түшкөн. Жерине 6 бөлүм тартылып, саат 02:25те курчоого алынып, саат 05:10до өрт толугу менен өчүрүлгөн. Өрт өчүрүүчү жана куткаруучулар тарабынан 1964-жылы туулган жана 1936-жылы туулган жарандын жансыз денеси күйгөн аймактан чыгарылып, РИИБнүн кызматкерлерине өткөрүп берилди.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.