Жалал-Абадда чогуу спирт ичимдигин ичип отурган жарандын унаасын айдай качкан шектүү кармалды

Жалал-Абадда унаа айдап качкан шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ШИИБден билдиришти.

1-ноябрь күнү милицияга 1977-жылы туулган Жалал-Абад шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 14:30 чамасында ага сырттан тааныш болгон Ибрагим аттуу бала менен спирт ичимдигин чогуу ичип олтуруп, ижарада айдап жүргөн Шевролет үлгүсүндөгү унаасынын ачкычын мас абалда белгисиз тарапка айдап качып кеткендигин айтып, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Унаанын ээси 320 миң сомдук материалдык жактан зыян тарткан. Аталган маалымат катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

4-ноябрь күнү Базар-Коргон районунун 1985-жылы туулган тургуну шектүү катары кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иш аракеттеринин жүрүшүндө жаран өзүнүн жасаган кылмышын толугу менен мойнуна алган.