Жалал-Абадда Чычкан суусуна түшүп кеткен 10 жаштагы бала изделүүдө

Жалал-Абадда Чычкан суусуна түшүп кеткен 10 жаштагы бала изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, Бишкек–Ош унаа жолунун болжол менен 230-чакырымындагы Чычкан суусунан баланы издөөгө 9 куткаруучу буга кошумча ИИБден 7 кызматкер тартылган.